• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын Австриядагы элчиси ЕККУнун башкы катчысы менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 26.08.21. /Кабар/. Ушул жылдын 24-августунда Венада Кыргызстандын Австриядагы элчиси Толенды Макеев Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) башкы катчысы Хельга Мария Шмид менен жолугушту. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Т.Макеев өзүнүн КРнын ЕККУдагы туруктуу өкүлү болуп дайындалышы жөнүндө ишеним грамотасын башкы катчыга тапшырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө туруктуу өкүл башкы катчыны жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктап, Кыргызстан менен ЕККУнун ортосундагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүү үчүн практикалык кызматташууну улантууга даяр экендигин билдирди.

Ал Кыргызстандагы шайлоо процессин өркүндөтүүдөгү жемиштүү кызматташтыкты белгиледи. Ошону менен бирге 2021-жылдын 10-январында болуп өткөн президенттик шайлоодо жана референдумда ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун (ДИАУБ) жана Парламенттик ассамблеясынын байкоочулар миссиясынын биргелешкен ишин жогору баалады.

Ошондой эле ушул жылы КРда парламенттик шайлоо өтөрүн айтып, шайлоонун улуттук мыйзамдарга, эл аралык стандарттарга жана ЕККУнун милдеттенмелерине ылайык таза жана ачык-айкын өтүшүн камсыздоого өлкө жетекчилигинин саясий эркин жана толук чечкиндүүлүгүн баса белгиледи.

Элчи ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин ишине канааттана тургандыгын билдирди. "Кыргызстан ЕККУнун Бишкектеги Академиясын региондогу эң ийгиликтүү долбоорлордун бири катары эсептейт жана бул Академиянын финансылык туруктуулугун камсыздоонун маанилүүлүгүн аныктайт",-деди элчи.

Өз кезегинде, Х.Шмид Кыргызстандын демократиялык өнүгүүсүндө шайлоо процессинин маанилүүлүгүн ырастап, КРда боло турган парламенттик шайлоону өткөрүүнүн так даталары белгилүү болгондо ЕККУ ДИАУБга ыкчам маалымдап коюуну өтүндү.

ЕККУнун башкы катчысы жаштар маселесинин приоритеттүүлүгүн жана ушундан улам ЕККУнун Бишкектеги Академиясынын маанилүү ролун баса белгиледи. "ЕККУ Жаштар жана коопсуздук боюнча Достор Тобуна Кыргызстандын тең төрагалык кылуусун кубаттайт, Топтун КРдин төрагалыгы астында өтө турган үчүнчү жыйынын өткөрүүдө ЕККУ Катчылыгы практикалык жардам көрсөтүүгө даяр",-деди Шмид.

Жолугушуу достук маанайда, ачык жана бардык маселелер боюнча өз ара түшүнүшүү нугунда өттү.

Маалымат үчүн: ЕККУ - Түндүк Америкадан, Европадан жана Азиядан 57 катышуучу мамлекетти бириктирген Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму, коопсуздук маселелери боюнча иштеген дүйнөдөгү эң чоң аймактык уюм. Кыргыз Республикасы 1992-жылдын 30-январында ЕККУга мүчө болуп кирген. Вена шаарындагы Кыргыз Республикасынын Элчилиги жана ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын ЕККУдагы Туруктуу өкүлчүлүгү 1993-жылдын мартында ачылган. Кыргызстанда ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси жана ЕККУнун Бишкектеги Академиясы ийгиликтүү иш алып барат.

Пикир

Оставить комментарий