• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Кыргызстан аза күтүүдө. Көңүл айтуу китебине КРдагы элчилер жана эл аралык уюмдардын башчылары эскерүүлөрүн калтырышты

Коом 0

Бишкек, 30.07.20. /Кабар/. Кыргызстандын президенти С. Жээнбековдун «Кыргыз Республикасында 2020-жылдын 30-июлун Улуттук аза күтүү күнү деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгына ылайык коронавирустук инфекция пандемиясынан каза тапкан жарандарды эскерүү үчүн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин имаратында көңүл айтуу китеби ачылды.

ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Бишкек шаарында аккредитациядан өткөн дипломатиялык корпустун жана эл аралык уюмдардын башчылары менен өкүлдөрү өздөрүнүн көңүл айтууларын билдиришти жана китепке тиешелүү эскерүүлөрүн калтырышты.

Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү бардык дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрүндө мамлекеттик туулар ылдый түшүрүлдү.

Тилектештиктин жана колдоонун белгиси катары бул күнү ШКУ, Түрк кеңеши эл аралык уюмдарынын Штаб-квартираларында мүчө-мамлекеттердин туулары ылдый түшүрүлдү.

Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарынын тутумунун жамааты пандемиянын курмандыгы болгондорго аза күтөт жана алардын туугандарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Пикир

Оставить комментарий