• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстан Азия өнүктүрүү банкынан энергетика тармагы үчүн 50 млн доллар алат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 30.11.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстан Азия өнүктүрүү банкынан энергетика тармагы үчүн 50 млн доллар алат.

Парламенттин бүгүнкү, 30-ноябрдагы жыйынында Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик жана гранттык макулдашуу тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.

Жыйында финансы министринин орун басары Руслан Татиков Азия өнүктүрүү банкы тарабынан өлкөнүн бюджетин колдоого 50 млн доллар суммасында финансылык жардам берилерин билдирди.

“Бериле турган каражаттын жарымы кредит, жарымы грант түрүндө болот. Насыянын мөөнөтү 24 жыл, анын ичинен 8 жыл жеңилдетилген мезгил. Пайызы боюнча айтсам, жеңилдетилген мезгилинде 1 пайыз, негизги сумманы төлөгөндөн баштап 1,5 пайызды түзөт. Каражат энергетика тармагына жумшалат. Акчаны банкка кайтарууга Финансы министрлиги кепилдик берет”, - дейт ал.

Ал эми Энергетика министринин орун басары Сабырбек Султанбеков каражат быйылкы электр энергиянын импорттолушуна жумашаларын белгилеп өттү.

Пикир

Оставить комментарий