• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстан азык-түлүк коопсуздугун тогуз продукциянын үч категориясы боюнча камсыздай алат

Коом 0

Бишкек, 29.12.20. /Кабар/. Кыргызстан өзүнүн азык-түлүк коопсуздугун тогуз продукциянын үч категориясы боюнча камсыздай алат. Бул тууралуу маалымат жыйында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин азык-түлүк коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Анаркүл Бекболиева билдирди.

Анын айтуусуна караганда, азык-түлүк коопсуздугунун тизмесине 9 аталыш кирет.

«Биз өзүбүздү үч багыт боюнча камсыз кыла алабыз. Алар - бахча өсүмдүктөрү, сүт азыктары жана картошка. Ал эми нан азыктары жана өсүмдүк майы боюнча импортко көз карандыбыз», - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий