• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстан бүгүн аза күтүүдө

Коом 0

Бишкек, 23.08.22. /Кабар/. Россиянын Ульяновск облусундагы 14 кыргызстандыктын өмүрүн алган автокырсыкка байланыштуу Кыргызстан 23-августта аза күтөт. Улуттук аза күтүү жөнүндө жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Ага ылайык, бүгүн өлкөнүн бүткүл аймагында, ошондой эле чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында Кыргызстандын мамлекеттик туулары ылдый түшүрүлөт. Кыргызстандагы маданият мекемелеринде жана телерадиокомпанияларында оюн-зоок иш-чаралары жана берүүлөрү токтотулат.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 21-августунда Россиянын Ульяновск облусунда 14 кыргызстандыктын өмүрүн алган үрөй учурган жол кырсыгы катталган. Андан тышкары, Кыргызстандын үч жараны жараат алып, ооруканага түшкөн. Учурда экөө жалпы палата которулса, бирөө реанимацияда жатат.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Россияда жол кырсыгынан каза тапкан 14 кыргызстандыктын сөөгүн алып келүү үчүн өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев башында турган атайын топ 23-август күнү Ош шаарынан эртең менен саат 9:10до учуп кетти. Куткаруучулардан турган атайын топ Ульяновск убактысы боюнча саат 10:40та аталган шаардын аэропортуна конот. Саат 12:10до мекендештердин сөөгүн алып, Ульяновскиден Кыргызстанга учуп чыгат.

Ал эми Кыргызстандын убактысы боюнча саат 17:40 чамасында каза болгон жарандардын сөөгүн Ош шаарынын аэропортуна алынып келинмекчи. Ошондой эле ал жактан мекендештерибиздин сөөктөрүн кичи мекенине чейин жеткирүү милдети да Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жүктөлгөн.

Аталган факты боюнча Россиянын Тергөө комитети тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 264-беренеси (“Жолдо жүрүүнүн жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу") боюнча кылмыш иши козголду.

"Кабар" Кыргыз улуттук маалымат агенттигинин жалпы жамааты каза болгондордун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгыларын тең бөлүшөт.

Пикир

Оставить комментарий