• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан БА өлкөлөрүнүн арасында демократиялык принциптерге жетишүүдө бир топ ийгилик жаратты - эксперт

Коом 0

Бишкек, 05.10.20. /Кабар/. Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында демократиялык принциптерге жетишүүдө бир топ ийгилик жаратты. Бул тууралуу саясат таануучу, Саясий системаларды изилдөө борборунун талдоочусу Марк Антонов (Санкт-Петербург) билдирди.

Кечээ, 4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өттү. Шайлоого 1 млн 980 миң 240 шайлоочу келип, ал жалпы шайлоочулардын 56,2%ын түздү.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, 4 партия 7%дык чектен өттү. Алар - "Биримдик" - 24,53%, "Мекеним Кыргызстан" - 23,9%, “Кыргызстан” - 8,74%, "Бүтүн Кыргызстан" - 7,09% саясий партиялары.

Антоновдун айтымында, Шайлоо өткөрүү Кыргызстанга гана эмес, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнө кыйынчылык жаратат.

"Ар кайсы өлкөлөрдөгү кырдаалды туруксуздаштырууга аракет кылган күчтөр болуп келет. Беларуссияда шайлоо кандай абалга алып келгенин көрүүдөбүз. СССРге кирген өлкөлөрдөгү саясий жана коомдук атмосфера идеалдан алыс экендигин айтуу керек. Көпчүлүк калктын билиминин жетишсиздигинен, саясий сабатсыздыгынан улам жарандарды пайдаланууга аракет кылып жатышат. Акыркы бир нече жылда Кыргызстан бул кырдаалды оңдоого аракет кылып жатат. Бирок парламенттик шайлоо жогорку деңгээлде өттү деп айткым келет. Айрым бузуулар болду. Жаңы өсүп жаткан демократиялык өлкөлөрдөн бир эле учурда баарын талап кыла албайсың. Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында демократиялык принциптерге жетишүүдө бир топ ийгилик жаратты. Бул шайлоо белгилүү бир деңгээлде өлкө демократиялык принциптерди карманарын дагы бир жолу көрсөттү. Эл дагы билимдүү болуп, өзүнүн саясий ой жүгүртүүсүн калыптандырууга киришкенин байкоого болот. Бул бизге Кыргызстан коомдук жана социалдык жетишкендиктердин жогорку деңгээлине өтүү алдында турат деп ойлонууга түрткү берет", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий