• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан БА өлкөлөрүнүн арасында төө буурчак өндүрүү боюнча биринчи орунда турат

Коом 0

Бишкек, 22.09.18 /Кабар/. Кыргызстан Борбордук Азиядагы өлкөлөрдүн арасынан төө буурчак өндүрүү боюнча биринчи орунда турат. Бул тууралуу “Ата Мекен” фракциясынын Талас облусундагы көчмө отурумунда айтылды.

Отурумда агрардык өнөр жайды жана аймактардагы айыл чарбаны кредиттөөнү эффективдүү өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев экспорттоо максатында төө буурчакты сертификациялоо боюнча иштер жасалганын маалымдады. Талас облусу айыл чарба өндүрүшүн жана сүт азыктарын кайра иштетүүдө жакшы тажрыйбага ээ.

90-жылдары Талас облусуна Түркиядан төө буурчактын “лопатка”, “китаянка” сорттору алынып келинген. 2018-жылдын 17-сентябрына карата төө буурчакты себүү аянты 57 миң 138 гектарды, түшүмдү жыйноо 98 миң тоннаны түздү. Таластын калкынын 76 пайызы төө буурчак өстүрүү менен алектенет.

Пикир

Оставить комментарий