• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан "Балыкчы – Кара-Кече" темир жолун курууда Россия менен кызматташат

Коом 0

Бишкек, 09.12.22. /Кабар/. Бүгүн, 9-декабрда Бишкек инвестициялык саммитинин алкагында "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы, "Россия экспорт борбору" ААК жана "РЖД Интернэшнл" ЖЧКсынын ортосунда Кыргызстанда "Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече" темир жол линиясын куруу долбоорун биргелешип ишке ашыруу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө үч тараптуу меморандумга кол коюлду.

"Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришкендей, бул меморандум КР аймагында "Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече" темир жол линиясын курулуш долбоорун этап-этабы менен биргелешип ишке ашыруунун мындан аркы мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө үчүн тараптардын кызматташуусунун негизги багыттарын, формаларын жана шарттарын аныктайт.

Учурда "Балыкчы – Кочкор - Кара-Кече" (186 км) темир жолун куруу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Долбоорду ишке ашыруунун биринчи этабы – узундугу 63 чм болгон "Балыкчы – Кочкор" темир жолунун участогун куруу саналат. 2022-жылга 5 чакырым темир жолдун курулушу пландалып, учурда жумуштун 90%ы бүттү. Курулуш "Кыргыз темир жолу" ишканасынын өздүк каражатынын эсебинен жүргүзүлүүдө.

Бул стратегиялык долбоор жаңы темир жол түйүнүнүн пайдубалын түптөйт, Ысык-Көл жана Нарын облустарын өнүктүрүүгө шарт түзөт. Келечекте темир жол Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан багыты боюнча пландалган темир жол менен байланыша алат жана бүтүндөй Борбордук Азия аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү жана КР аймагында бирдиктүү темир жол тармагын түзүп, өлкөнүн темир жол потенциалын толук ачууга олуттуу кадам болууга мүмкүндүк берет берет.

Долбоорду ишке ашыруу жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташуу коопсуздугун камсыз кылуу үчүн КР темир жол тармагын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий