• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Кыргызстан Баткенден башталат”. Окуучуларды мекенчилдикке тарбиялоо жөнүндө буйрук чыкты

Билим 0

Бишкек, 22.09.22. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги окуучуларды мекенчилдикке тарбиялоо, жарандыкты калыптандыруу максатында “Кризистен кийинки калыбына келтирүү шартында балдарды жана жаштарды жарандык-мекенчилдикке тарбиялоо жөнүндө” буйрук чыгарды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Буйрукка ылайык, төмөнкүлөрдү уюштуруу белгиленди:

  • билим берүү уюмдарында - Баткен окуяларында курман болгон аскер кызматчыларды жана жарандарды эскерүүгө арналган иш-чараларды өткөрүү;
  • “Кыргызстан Баткенден башталат” темасында дил баяндар сынагы, “Элдердин достугу өлкөнүн күчү” темасында балдар сүрөтүнүн сынагы, “Достук Ритмдери” онлайн флешмобу, “Ар бир үйгө тынчтык” веб-плакаттар сынагын өткөрүү;
  • мектепке чейинки жана мектеп жашындагы балдар үчүн убактылуу жайгашкан жерлерде кошумча сабактарды өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрүү;
  • Баткен окуялары учурунда жабыр тарткан жарандар менен иштөө үчүн республиканын жогорку жана кесиптик окуу жайларынын окутуучуларынын ичинен психологдорду ишке тартуу.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасады.

140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланды.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, куралдуу кагылыштан 59 кыргызстандык (аскер кызматкерлери жана жай тургундар) каза болуп, 198 киши жабыркады.

Пикир

Оставить комментарий