• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан Бельгия кызматташтыгына 25 жыл

Саясат 0

Бишкек, 29.09.17. /Кабар/. Кыргызстан жана Бельгиянын элчиликтери Брюсселде дипломатиялык мамилелердин 25 жылдыгына карата маарекелик конференция өткөрдү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, конференция 26-сентябрда Бельгиянын ТИМи тарабынан Азербайжан, Армения, Беларусия, Грузия, Казакстан, Молдова, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Украина жана Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн катышуусунда уюштурулду.

Конференциянын алкагында Бельгия жана Кыргызстан ТИм башчылары Эрлан Абдылдаев менен Дидьер Рейндер жолугушту. Рейндер жолугушууга оң баа берди.

Ошондой эле Бишкекте министрлердин орун басарларынын деңгээлинде ТИМдер аралык экинчи кеңешме өттү.

Также в Бишкеке, как сообщает пресс-служба, прошли вторые межмидовские консультации на уровне заместителей министров.

Конференция кыргыз-бельгия дипломатиялык мамилелеринин 25 жылдыгына арналган иш-чаралардын салтанаттуу бөлүгү катары болду.

Маалымдама: Кыргызстан менен Бельгиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1992-жылдын 25-мартында түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий