• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан Беларуска Минск-Бишкек түз авиакаттамын ачууну сунуштады

Саясат 0

Бишкек, 06.02.20. /Кабар/. Минск шаарында Кыргызстандын элчиси Эрмек Ибраимов менен Беларус Республикасынын премьер-министринин орун басары Владимир Кухаревдин жолугушуусу болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу учурунда эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташууну жана соода жүгүртүүнү күчөтүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле, жакында өтө турган кыргыз-беларус соода-экономикалык өкмөттөр аралык комиссиянын отурумун даярдоо тууралуу пикир алмашышты.

Элчи Э.Султанов кыргыз-беларус соода-экономикалык өкмөттөр аралык комиссиянын жетекчисин кыргыз тараптын сунушу менен премьер-министрдин орун басарынын деӊгээлине көтөргөнү үчүн беларус тарапка ыраазычылыгын билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар “Белавиа” авиакомпаниясы менен өз ара түз “Минск-Бишкек-Минск” авиакаттам ачуу маселесин дагы талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий