• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстан билим берүү аркылуу өнүгөт. Коом канчалык билимдүү болсо, жашоо сапаты ошончолук жогору - Өмүралиев

Коом 0

Бишкек, 11.10.18 /Кабар/. Бардык дүйнөлүк социологиялык теориялар жашоонун деңгээлине таасир этүүчү башкы нерсе – бул билим берүүнүн деңгээли экендигин айтат. Адам канчалык билимдүү болсо, өзүнүн ден соолугуна жана жумушуна канчалык жакшы мамиле кылса, жашоосунун деңгээли ага ошончолук көз каранды. Мындай пикирин “Кабар” агенттигине профессор, социолог Нурбек Өмүралиев Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн мугалимдеринин жана билим берүү кызматкерлеринин V съездинде өлкө башчысынын сүйлөгөн сөзү тууралуу айтып жатып билдирди.

Профессордун айтымында, Кыргызстандагы билим берүү процесстеринин акыркы мониторинги Билим берүү министрлиги өткөргөн өнүктүрүү программаларынын эффективдүүлүгүн көрсөткөн.

“Мисалы, “Наристе” мектепке чейинки даярдык программасы аймактардагы балдарды даярдоо деңгээлинин шаарлардагы жана борборлордогу балдарды даярдоо деңгээлине чейин көтөрүлүшүнө алып келген. Алар азыр бир деңгээлде, айрым жерлерде жогору да болушу мүмкүн. “Наристе” – бул бекер программа, ал эми шаардык мектептердеги жана мектепке чейинки курстар орточо айына миң сомдой турат”, - деп белгиледи Өмүралиев.

Профессор мамлекеттик билим берүү программалары жана билим берүү процесстерине көңүл буруу аймактардагы окуучуларды даярдоо деңгээлин борбордогу окуучуларды даярдоо деңгээли менен тең болуп калышына алып келгендигин дагы бир жолу белгиледи.

“Учурда экинчи программа жүрүп жатат, башталгыч билим берүүгө даярдоо деңгээли – биринчи класстан бешинчи класска чейин. Андан соң үчүнчү баскыч бар – бешинчи класстан тогузунчу класстан, ал үчүн жаңы окуу китептери даярдалган. Быйыл ЖРТ боюнча 50 алтын сертификаттын ичине аймактардагы көптөгөн окуучулар дагы кирди. Бул айылдардагы билим берүү деңгээли акырындан көтөрүлүп жатканынан кабар берет. Эгер мурда 50 алтын сертификаттын ээлеринин катарына гимназиялардын же борбордогу мектептердин бүтүрүүчүлөрү кирсе, азыр айылдардын бүтүрүүчүлөрү да алардын арасында бар”, - деди профессор.

Өмүралиевдин пикири боюнча, жалпысынан алганда билим берүүнүн деңгээли өлкөнүн келечегин аныктайт.

“Эгер мурда кыргыз мигранттары башка өлкөлөргө айлыгы аз болгон кызматтарга орношсо, адамдардын билиминин жогорулашы менен учурда башка өлкөдө дарыгер, юрист же менеджер болуп иштеген мекендештерибизди көрүп жатам. Башкача айтканда, алардын билиминин деңгээли россиялык адистер менен бир деңгээлде иштөөгө шарт түзүп жатат”, - деди Өмүралиев.

Менин кыялым- 2040-жылы ар бир бүтүрүүчү кыргыз жана орус тилинде, ошондой эле чет тилде жакшы деңгээлде сүйлөп калса. Этникалык райондордо да эне тилинде сүйлөшсө дейм. Ошондо бизде эң аз дегенде 4 тилде сүйлөй алган тажрыйбалуу кадрлар болот. Аларга дүйнө жүзү боюнча талаптар көп болот”, - деп жыйынтыктады профессор.

Эске салсак, Кыргызстандын президенти Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн мугалимдеринин жана билим берүү кызматкерлеринин V съездине катышкан. Өз сөзүндө Сооронбай Жээнбеков билим берүү – өлкөлөрдүн келечегин аныктаган башкы маселелердин бири экендигин белгилеген.

Анын айтымында, билимдүү коомдор гана глобалдык атаандаштыкка туруштук бере алат. Бул шарттарда жыл өткөн сайын мугалимдин ролу өсө баштайт.

“Педагог – грек тилинен которгондо баланы жетектөөчү деген маанини билдирет. Ал балдарга жаңы дүйнөгө эшик ачкан адам. Ал педагогдун кесиби үчүн өзгөрүүлөргө, жаңы талаптарга даяр болууга милдеттүү. Демек муглим коомдун алдында жүрүшү керек. Бул татаал, бирок ардактуу миссия”, - деди Жээнбеков.

“Биз дайыма мугалимдерди колдойбуз. Педагогдун кесибинин престижин жогорулатуу биздин артыкчылыктуу милдетибиз болуп саналат”, - деди президент.

Пикир

Оставить комментарий