• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан бир жуманын ичинде дээрлик 4 миң тонна жер-жемиш экспорттоду – Илич Марсбек уулу

Экономика 0

Бишкек, 08.10.19. /Кабар/. Кыргызстан бир жуманын ичинде дээрлик 4 миң тонна жер-жемиш экспорттоду. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин директору Илич Марсбек уулу билдирди.

"30-сентябрдан 4-октябрга чейин 10 миң тоннадан ашуун атамекендик азыктар экспорттолгон. Россия жана Казакстанга экспорттолгон товарларды текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 1317,7 тонна жашылча (таттуу калемпир, сарымсак, пияз), 2338,6 тонн жер-жемиш (жүзүм, алма, алмурут, анар жана курма) текшерилген. Андан тышкары, Россия, Казакстан, Түркияга 1615,5 тонна кургатылган жер-жемиш экспорттолгон, 828 тонна жаңгак Россия менен Түркияга жөнөтүлсө, 2894,7 тонна төө буурчак Түркия, Болгария, Россия жана Нидерландыга экспорттолгон, Казакстанга 11 миң тоннадан ашуун картошка, 246,7 тонна пахта Беларусь, Россия жана Түркияга экспорттолду", - деп маалымдады Марсбек уулу.

Ал кошумчалагандай, текшерүүнүн жыйынтыгында бузуулар табылган эмес. Бардык товарлар көрсөтүлгөн дарекке жеткирилип, бир да жүк артка кайтарылган жок.

Үстүбүздөгү жылдын 9 ай ичинде 30 миң 597 фитосанитардык сертификат берилген.

Пикир

Оставить комментарий