• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстан биринчи ирээт Сочиде өтө турган дүйнөлүк жаштар фестивалына катышат

Коом 0

Бишкек, 09.10.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Биринчи жолу Кыргызстандын өкүлдөрү Сочиде 14нөн 22-октябрга чейин өтө турган бүткүл дүйнөлүк XIX жаштар фестивалына катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чарага 150 өлкөдөн 18ден 35 жашка чейинки 20 миңден ашуун жаштар катышат.

Ошондой эле фестивалга ар кайсы чөйрөдөгү лидер жаштар келет.

Ведомстванын жетекчисинин орун басары Мирлан Пархановдун айтуусу боюнча, фестивалга барчу делегаттардын катарына өлкөнүн бардык аймагынан активдүү болгон жаштар кошулган: "Азия MIX" командасынын катышуучулары, жаш илимпоздор, студенттер кеңешинин жана жаштан уюмдарынын өкүлдөрү.

“Учурда уюштуруучулар тарабынан Кыргызстандын атынан бара турган 200гө жакын адам тастыктама алды”,-деп кабарлады Парханов фестивалдын катышуучулары менен болгон жолугушууда.

Парханов кошумчалап кеткендей, өлкө аталган фестивалга өзүнүн өкүлдөрүн биринчи ирээт жөнөтүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий