• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан биринчи жолу футзал боюнча 2022-жылкы Азия кубогунун тандоо туруна катышат

Спорт 0

Бишкек, 04.01.22. /Кабар/. Кыргызстан биринчи жолу футзал боюнча 022-жылкы Азия кубогунун тандоо туруна катышат. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Азия футбол конференциясы Кыргызстанды 2022-жылы өтүүчү Азия кубогунун футзал боюнча бирдиктүү борбордук жана түштүк аймагынын тандоо турниринин кожоюну катары расмий түрдө бекитти

«Турнирдин өзү 1-апрелден 15-апрелге чейин Бишкек шаарында өтөт. Өз кезегинде тандоо турунун чүчү кулак кармоосу 6-январга белгиленген», - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Борбордук жана Түштүк аймактарга 8 өлкө кирет.

Ошентип, себеттердин курамы төмөнкүдөй:

- Иран, Өзбекстан;

- Кыргызстан, Тажикстан;

- Түркмөнстан, Афганистан;

- Непал, Мальдив аралдары.

Эске сала кетсек, футзал боюнча Азия кубогу - 2022 25-сентябрдан 20-октябрга чейин Кувейтте өтмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий