• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан биринчи жолу кум үстүндөгү футбол боюнча Азия чемпионатына катышат

Спорт 0

Бишкек, 16.01.19 /Кабар/. Кыргызстандын улуттук курама командасы биринчи жолу кум үстүндөгү футбол боюнча Азия чемпионатына катышат. Бул тууралуу Футбол федерациясынан кабарлашты.

Азия биринчилиги ушул жылдын 9-17 мартта Таиланддын Паттайя шаарында өтөт.

Курама командага 17 футболчу чакырылган. Оюнчуларга турнирге даярдык көрүп, машыгууларды өткөрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий