• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан биринчи жолу окуучуларды электрондук жол менен баалоону киргизүүдө

Билим 0

Бишкек, 30.01.20. /Кабар/. Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарындагы мектептердин 4-классынын окуучулары билимди электрондук жол менен баалоо долбооруна катышууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Министрликтин маалыматына караганда, төрт күндө долбоор башталгыч мектептин 1344 окуучусун камтый алды.

Бул иш-чара баланын китеп окуу жана окуганын баамдап түшүнүү көндүмдөрү канчалык калыптанганын аныктоо максатында өткөрүлүп жатат. Электрондук баалоого кыргыз, өзбек, орус жана тажик тилдеринде билим алган окуучулар катышууда.

Билим берүүнүн сапатын баалоо жана малыматтар технологиясынын улуттук борбору текшерилип жаткан көндүмдөр тууралуу ишенимдүү жана так маалымат алуу үчүн пилоттук мектептерде электрондук баалоону жүргүзүүдө. Баалоонун жыйынтыктары мугалимдерге билим алууда өзгөчө муктаждыгы бар балдарды, тил үйрөнүүдө кыйналган окуучуларды таап чыгууга, майыптуулугу бар балдар эмнеден кыйналарын түшүнүүгө жардам берет.

Баалоо 48 мектепте жана 10 бала бакчада “Чогуу жакшы окуйбуз” долбоорунун алкагында өткөрүлдү. Долбоор Билим берүү жана илим министрлигинин демилгеси менен ишке ашып, ЮСАИД жана ЮНИСЕФ колдоо көрсөттү.

Өлкө боюнча мектептерде окуунун жыйынтыктарына терең, ар тараптуу анализ жүргүзүү максатында электрондук баалоо билим берүүнү башкаруунун улуттук маалымат системасына киргизилет. Бул анализ Билим берүү жана илим министрлигине балдар окууда кандай кыйынчылыктарга туш болоору тууралуу маалымат алууга, мугалимдердин кесипкөй көндүмдөрүн жана даярдыгын талдап чыгууга, окуу процессин жакшыртуу боюнча чечим кабыл алууга жардам берет. Баалоо жүргүзүү каражаттары китеп окуу боюнча улуттук билим берүү стандарттарынын негизинде иштелип чыккан, алар PIRLS жана PISA өңдүү эл аралык деңгээлде колдонулган каражаттарга окшош.

“Сапаттуу билим берүү сабак өтүүдө жана окутууда кемчиликтерди таап чыгуу үчүн тийиштүү баа берүүнү талап кылат. Балдардын окуудагы ийгиликтерине баа берүү менен, биз билим берүүнүн сапатын жакшыртуу үчүн зарыл болгон жерлерде кемчиликтерди өз убагында таап чыга алабыз”, - деп айтты ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм.

Пикир

Оставить комментарий