• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан Бишкектеги 13 насос станциясын алмаштыруу үчүн 7,2 млн доллар насыя алууга ниеттенүүдө

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 16.01.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстан Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан Бишкектеги үйлөргө жылуулук берүү тутумунун 13 насостук станциясын алмаштыруу жана кайра оңдоо үчүн 7,2 млн доллар насыя жана 3,9 млн доллар грант алууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу Өнөр дай, энергетика жана кен иштетүү мамлекеттик комитетинин төрагасы Уланбек Рыскулов отун энергетика комплекси комитетинин жыйынында билдирди.

“Алардын ичинен 7,2 млн долларды насыя иретинде 15 жылга жылдык 1% менен, 3,9 млн долларын грант түрүндө алабыз. Жалпысынан 13 насостук станция алмаштырылып, скад тутуму киргизилет. Бул станциялар 30 жылдан бери алмаштырылган эмес”,-деп түшүндүрдү ал.

Депутттар “Бишкек жылуулук тармагы” насыяны төлөй алабы деп кызыгышты.

Буга “Бишкек жылуулук тармагы” ААКнын башкы директору Уран Раимбеков компаниянын мүмкүнчүлүгү бар экенин айтты.

“Бизде дагы 32 млн доллар өлчөмүндө Бүткүл дүйнөлүк банктын насыясы бар. Биз төлөй алабыз. Каржылык талдоо жүргүзүп, бардык чыгымдарды эсептеп чыктык”, - деди ал.

Чиновниктердин айтымында, жаңы насостук түтүктөр көп керектөөчүлөрдү камтуу үчүн дагы керек. Анткени Бишкек өсүп баратат.

Комитет КР жана ЕРӨБ ортосундагы Насыялык келишимди, Грант жөнүндө келишимди ратификациялоо жөнүндө маселени карады.

Талкуудан соң, депутаттар экинчи окууда ратификациялоону колдошту.

Пикир

Оставить комментарий