• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан биз үчүн ынак кошуна, союздаш жана боордош мамлекет – Токаев

Саясат 0

Бишкек, 27.11.19. /Кабар/. «Кыргызстан менен эки тараптуу мамилелердин терең институционалдашкандай, Казакстан бир да башка мамлекет менен мындай мамиле жасабайт», — деп баса белгиледи Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 27- ноябрда анын Кыргызстанга мамлекеттик визитинин алкагында өткөн Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын Мамлекеттер аралык Жогорку Кеңешинин Бешинчи жыйынында.

Касым-Жомарт Токаев Кеңештин мурунку отуруму акыркы жолу 2014 жылы Нурсултан шаарында өткөнүн эске салды. Ушундай тыныгууга карабастан, Кеңеш эки тараптуу мамилелердин бардык спектрлери боюнча маанилүү саясий чечимдердин кабыл алынышына өбөлгө болуучу кызматташтыктын эң жогорку органы бойдон калганын баса белгиледи.

«Биз кызматташуунун жогорку деңгээлин сактап турууга, биргелешип иштөөнүн жаңы багыттарын табууга жана өнүктүрүүгө умтулабыз. Бул казак-кыргыз мамилелеринин рухуна жана мүнөзүнө шайкеш келет», — деди Касым-Жомарт Токаев.

Ал Казакстан үчүн Кыргызстан ынак кошуна, союздаш жана боордош мамлекет экенин белгиледи.

«Миңдеген жылдар бою биз достукта жашап келатабыз. Кылымдар бою биздин ата-бабаларыбыз тынчтыкта ынтымактуу жашап, оор мезгилдерде бии-бирин колдоп келишкен. Азыр биз өз ара мамилелерибизди мына ошол жаратмандык негизде улантып келе жатабыз», — деп баса белгиледи Казакстан Президенти.

Касым-Жомарт Токаев эл аралык көптөгөн маселелер боюнча Казакстан менен Кыргызстандын көз карашы бирдей экенин белгиледи. Өлкөлөр ортосунда жалпы саны 180 келишимдерден жана макулдашуулардан турган олуттуу келишимдик-укуктук база түзүлгөнүн кошумчалады.

Ал ошондой эле жалпы чек арабыз, калыптанып калган ишенимдүү транспорт инфраструктурабыздын бар экени жана Евразия экономикалык бирликтин алкагында өнөктөш экенибиз эки тараптуу мамилерибиздин артыкчылыгы болуп саналарын баса белгиледи.

«Ошондуктан Казакстан Кыргызстандын алдыңкы соода өнөктөшүтөрүнүн бири катары Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсүндө үчүнчү орунду ээлеп келет. Өз кезегинде Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрү арасында Казакстандын экинчи өнөктөшү болуп саналат. Акыркы үч жыл бою биздин өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү туруктуу өнүгүүдө», — деп белгиледи Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаев.

Пикир

Оставить комментарий