• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан боюнча 371 бала бакчада компьютер жетишпейт

Билим 0

Бишкек, 25.08.21. /Кабар/. Кыргызстан боюнча 371 бала бакчада компьютер жетишпейт Бул тууралуу министрлер кабинетинин жыйында билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев билдирди.

Анын айтымында, кабелдик интернетке жалпы 519 гана бала бакча кошулган.

“Бала бакчалардагы компьютер, эмеректер жана окуу ресурстары канааттандырарлык абалда эмес. Мектепке чейинки курактагы балдардын тамак-ашына болгон каражат азык-түлүк баалары менен дал келбейт”, - дейт ал.

Купешев өлкө аймагында 1 миң 648 бала бакча бар экендигин айтат.

Пикир

Оставить комментарий