• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан боюнча эттин баасы 300 сомдон 470 сомго чейин бааланды – статистика

Экономика 0

Бишкек, 12.02.21. /Кабар/. Чекене баага күнүмдүк мониторингдин негизинде 2021-жылдын январына салыштырмалуу 11-февралдагы абалы боюнча өлкө аймагындагы уй, кой жана жылкы этинин орточо баасына анализ жүргүзүлдү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Ведомствонун маалыматы боюнча, өткөн айларга салыштырмалуу 11-февралга карата уй этинин баасы республика боюнча 2,77 сомго, же 0,6%га, кой эти килограммы 8,17 сомго же 1,9%га, жылкы эти 2,29 сомго же 0,6%га кымбаттаган.

Уй этинин эң кымбат баасы Ош шаарында – 452,48 сом, кой этинин эң кымбат баасы Кара-Суу шаарында – 470 сом, жылкы эти Нарын шаарында 445,48 сомго бааланган.

Ошону менен катар уй жана кой этине минималдуу баа Манас районунун Покровка айылында 374,37 сом, жылкы эти Кара-Суу шаарында 300 сом болуп катталган.

Пикир

Оставить комментарий