• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан боюнча коронавирус жуктургандардын 70,5%ы айыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 12.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Өлкө боюнча коронавируска кабылган жарандардын 70,5%ы айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 1037ге жетти.

“Бүгүнкү күндө коронавирустан 709 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул көрсөткүч 70,5%ды түздү. Каза болгондордун саны 12, ал 1,2%ды түзөт. 316 бейтап дарылануудан өтүп жатат, алардын оор абалда жаткандар – 2,8%, орточо оор абалда – 24,4% жана 72,8%ында илдет жеңил, симптомдору жок өтүп жатат”, - дейт ал.

Үсөнбаев белгилегендей, илдетке кабылгандардын интенсивдүү көрсөткүчтөрү 100 миң адамга салыштырмалуу каралат.

"Бул боюнча караганда республикада ооругандар 14,9%ды түзөт. Кытайда 5,9%, Тажикстанда 6,5%, Өзбекстанда 7,1%, Казакстанда 27,5% көрсөткүчтү түзүп жатат. Кыргызстан боюнча Нарында 44,7%, Ош шаарында 36,9%, Бишкекте 26,1%, Ош облусунда 13,3%, Жалал-Абадда 11,7%, Чүй облусунда 9,2%, Баткенде 4,5% жана Ысык-Көл облусунда 2,4% көрсөткүчтү түзөт. Таласта коронавирус жуктурган учур катталган жок", - дейт Үсөнбаев.

Пикир

Оставить комментарий