• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан боюнча коронавирусту канча адам жуктуруп алышы ыктымал? – министрдин божомолу

COVID - 19 0

Бишкек, 20.03.20./Кабар/. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйында учурдагы эпидемиологиялык абал боюнча өз божомолун билдирди.

Министрдин айтуусуна караганда, Жалал-Абад облусуна караштуу бүткүл Сузак району жана коронавирус табылган жарандар боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. "Эпидемиологиялык фонд канчаны түзүшү мүмкүндүгү тууралуу карта түзүлүүдө. Кечинде даяр болот. Кайсыл жакка барды, ким менен байланышта болду маалым болгондон соң статистика чыгат. Бирок, азырынча божомол кылуу кыйын. Сценарий түздүк", - деп билдирди ал.

Эскерте кетсек, Ноокат районунда дагы 3 адамдан коронавирус аныкталып, учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган адамдардын саны алтыга жетти. Алардын баары умрага барып келгендер.

Белгилей кетсек, 18-март күнү саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы учур катталганын – Сузак районунда (Жалал-Абад облусу) 3 адамда коронавирус аныкталганын билдирген. Алар 12-мартта Кыргызстанга Сауд Арабиясынан учуп келишкен. Коронавирус аныкталгандан кийин Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий