• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан боюнча «Кыйноолорго каршы 26 күн» кампаниясы өтүп жатат

Коом 0

Бишкек, 24.06.19. /Кабар/. Кыргызстан боюнча «Кыйноолорго каршы 26 күн» аттуу маалымат кампаниясы өтүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун төрагасынын орун басары Динара Саякова кабарлады.

Анын айтуусу боюнча, Кыргызстанда 2019-жылдын 1-июнунан тарта борбордун 7 жылдыгына жана БУУнун кыйноолорго каршы конвенциясынын 35 жылдыгына арналган «Кыйноолорго каршы 26 күн» кампаниясы иштеп баштаган.

Анын алкагында Улуттук борбордун кызматкерлери бир катар жабык мекемелерди кыдырып, абактардын абалы менен таанышып чыккан. Баардыгы болуп 18 мекеме текшерилген. Анын ичинде 9 убактылуу кармоочу жай, 2 тергөө абагы жана 4 балдар кармалуучу мекемелер да кирет.

«Ошондой эле жогорку окуу жайларда сүрөт көргөзмөлөрү, студенттер арасында дебаттык таймаштар өткөрүлгөн. Андан тышкары, Улуттук борбордун аймактык өкүлчүлүктөрүндө да бир катар иш-чаралар өткөрүлгөн», -дейт Саякова.

Пикир

Оставить комментарий