• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан боюнча медкызматкерлер жеке коргонуучу каражаттар менен толук камсыз болгон - Исмаилова

COVID - 19 0

Бишкек, 23.06.20. /Кабар/. Кыргызстан боюнча медицина кызматкерлери жеке коргонуучу каражаттар менен толук камсыз болгон. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди.

Анын айтымында, өкмөт, республикалык штаб, Саламаттык сактоо министрлиги жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жеке коргонуучу каражаттар боюнча мониторинг жүргүзүп турат.

"Эгер медициналык мекемеде жеке коргонуучу каражаттын жетишсиздиги байкалса, ошол эле күнү кампадан керектүү каражаттар жеткирилет", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 23-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 3519 учур катталды. Алардын ичинен 604ү медицина кызматкери. Илдеттен 2054 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 41 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий