• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан боюнча мигранттар үчүн 12 маалыматтык терминал орнотулат – КР ММК

Коом 0

Бишкек, 6-апрель /Кабар/. Кыргызстан боюнча чет жакка чыккан жарандарга зарыл маалыматтар менен камсыздоочу 12 терминал орнотулат. Бул тууралуу КР Мамлекеттик миграция кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматы боюнча, мындай терминалдар “Ак-Жол” өткөрмө пунктунда, Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматтык-консультативдик борборунда жана Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас, Нарын жана Ысык-Көл облустарындагы өкмөттүн өкүлчүлүктөрүнүн имараттарында орнотулган.

“2017-жылы 10-апрелде “Манас” эл аралык аэропортунун имаратында Кыргызстандан чыккан мигранттар үчүн маалыматтык терминалдарды орнотуу иш-чарасы өтөт. Андан соң, мындай 12 терминалды өлкө боюнча калк жыш чогулган жерлерге орнотуу пландалууда”, - деп белгиледи КР ММК төрагасы Медетбек Айдаралиев.

ММК басма сөз кызматы маалыматтык терминалдар жарандарга өз алдынча араылыктан чет жакка чыгуу, башка өлкөдө болуу эрежелери, адам сатуу коркунучу жана миграция учурунда ар кандай эксплуатациялардан кантип коргонуу керектиги тууралуу базалык маалыматтарды ала алышат.

Терминалдарды орнотуу боюнча демилгелер КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматыныны тиешелүү маалыматтарынын мигранттарга жеткиликтүүлүгүн арттыруунун алкагында Миграция боюнча Эл аралык уюм менен биргеликте жана АКШ өкмөтүнүн ЮСАИД агенттиги аркылуу көрсөткөн колдоосу менен көтөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий