• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстан боюнча мугалимдердин орточо айлык акысы 13 824 сомду түзөт – Билим берүү министрлиги

Коом 0

Бишкек, 14-март /Кабар/. Кыргызстан боюнча мугалимдердин орточо айлык акысы 13 миң 824 сомду түзөт.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, мугалимдердин маянасынын көбөйүшү 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү улуттук стратегияснын ишке ашыруунун алкагында жетишилген.

2016-жылга сапаттуу иштеген мугалимдерди сыйлоо үчүн республика боюнча айлык акынын стимул берүүчү бөлүгү 12,1%га чейин өскөн (2015-жылы бул көрсөткүч 10,8%ды түзгөн).

Мындан тышкары, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиячыларынын айлык маянасы 80%га көтөрүлүп, орточо 13 824 сомго жеткен.

Пикир

Оставить комментарий