• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстан боюнча обсервацияда 1,2 миң адам жатат — Саламаттык сактоо министрлиги

COVID - 19 0

Бишкек, 10.05.20. /Кабар/. Кыргызстан боюнча обсервацияда 1 миң 205 адам жатат, - деп маалымдады өкмөт үйүндө өткөн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.

Анын айтуусуна караганда, 10-майга карата COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен жакын байланышта болгон жактардын саны 4 миң 313 адамды түзүүдө.

"Байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал", - деп баса белгиледи ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 10-майга карата коронавирус жуккан жаңы 71 учур катталды, анын ичинен 55 учур Россиянын Соль-Илецк шаарынан келгендерден аныкталган. Ошентип, Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруунун 1002 учуру катталды. Алардын ичинен 232си медиктер арасында катталган.

Учурда стационарда 260 адам жатат, алардын ичинен төртөө реанимацияда. Коронавирус жуккан 675 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Ал эми илдеттен 12 адам каза тапты.

Пикир

Оставить комментарий