• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстан боюнча обсервацияда 1,6 миң адам жатат — Саламаттык сактоо министрлиги

COVID - 19 0

Бишкек, 10.06.20. /Кабар/. Кыргызстан боюнча обсервацияда 1 миң 671 адам жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, коронавирус жуккандар менен жакын байланышта болгондордун саны 10-июнга карата 8 миң 858 адамга жетти.

"Байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал", - деп баса белгиледи ал.

Белгилей кетсек, бүгүн, 10-июнда республика боюнча коронавирус жуккан жаңы 38 учур аныкталып, COVID-19 инфекциясын жуктуруу жалпы 2093 учурга жетти. Анын ичинен 409у медицина кызматкерлери. Жалпы илдеттен 1572 адам айыгып, ооруканадан чыгарылды. Учурда стационарда 495 адам жатат, анын ичинен экөө реанимацияда. Ал эми коронавирус жуккан 22 адам каза болду (+2 учур бүгүн катталды).

Пикир

Оставить комментарий