• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан боюнча обсервацияда 1,7 миң адам жатат — Саламаттык сактоо министрлиги

COVID - 19 0

Бишкек, 06.06.20. /Кабар/. Кыргызстан боюнча обсервацияда 1 миң 736 адам жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, коронавирус жуккандар менен жакын байланышта болгондордун саны 6-июнга карата 8 миң 194 адамга жетти.

"Байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал", - деп баса белгиледи ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 6-июнга карата коронавирус жуктурган 38 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1974тү түзөт. Алардын ичинен 1360 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 22 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий