• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан боюнча обсервацияда 1 миң 100 адам жатат

COVID - 19 0

Бишкек, 11.05.20. /Кабар/. Кыргызстан боюнча обсервацияда 1 миң 100 адам жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны 4 миң 371 адамга жетти.

"Байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал", - деп билдирди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 11-майга карата коронавирус жуктурган 14 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1016ны түзөт. Алардын ичинен 688 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий