• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстан боюнча обсервацияда 1 миң 183 адам жатат - Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 26.04.20. /Кабар/. Кыргызстан боюнча обсервацияда 1 миң 183 адам жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

“Ал эми Кыргызстанда коронавирус жуктургандар менен 2 миң 706 адам байланышта болгон. Байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал”, - деп баса белгиледи ал.

Министрдин орун басары кошумчалагандай, 5-апрелден тарта изилдөөгө жалпы 45 миң 773 анализ келсе, 45 миң 627 изилдөө жүргүзүлгөн. Ал эми сутка ичинде 1 миң 871 изилдөө жүргүзүлгөн.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 26-апрелге карата коронавирус жуктурган 17 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 682ге жетет. Алардын ичинен 370 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий