• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Кыргызстан боюнча обсервацияда 1 миң 555 адам жатат - Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 13.05.20. /Кабар/. Кыргызстан боюнча обсервацияда 1 миң 555 адам жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

“Ал эми өлкөдө коронавирус жуккандар менен байланышта болгондордун саны 13-майга карата 4 миң 613 адамды түздү”, - деди Үсөнбаев.

Анын айтымында, учурда байланышта болгондордун бардыгы медициналык көзөмөлгө алынган, алар үй карантининде болууда. "Байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал", - деп кошумчалады министрдин орун басары.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 13-майга карата коронавирус жуктурган 7 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1044тү түзөт. Алардын ичинен 726 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий