• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан боюнча обсервацияда 2 миң 137 адам жатат — Саламаттык сактоо министрлиги

COVID - 19 0

Бишкек, 30.05.20. /Кабар/. Кыргызстан боюнча обсервацияда 2 миң 137 адам жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, коронавирус жуккандар менен жакын байланышта болгондордун саны 30-майга карата 7 миң 287 адамга жетти.

"Байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал. Эпидемиологиялык кырдаал дагы деле курч бойдон турууда, байланышта болгондордун саны күн санап өсүүдө", - деп баса белгиледи ал.

Белгилей кетсек, 30-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган 60 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1722ни түзөт. Алардын ичинен 1113 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 16 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий