• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан боюнча обсервацияда 2 миң 153 адам жатат

COVID - 19 0

Бишкек, 19.05.20. /Кабар/. Кыргызстан боюнча обсервацияда жаткандардын саны 2 миң 153кө жетти. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

"Ал эми Кыргызстанда коронавирус жуккандар менен жакын байланышта болгондордун саны 19-майга карата 6 миң 164 адамды түздү. Алардын баары учурда көзөмөлдө болууда", - дейт ал.

Өлкөнүн башкы санитардык дарыгери кошумчалагандай, байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 19-майга карата коронавирус жуктурган 27 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1243тү түзөт. Алардын ичинен 898 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 14 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий