• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан боюнча обсервацияда 2 миң 175 адам жатат — Саламаттык сактоо министрлиги

COVID - 19 0

Бишкек, 20.05.20. /Кабар/. Кыргызстан боюнча обсервацияда жаткандардын саны 2 миң 175ке жетти. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны 20-майга карата – 6 280.

"Байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал", - деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, бүгүн коронавирус жуккан дагы 27 жаңы учур катталып, COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулардын жалпы саны Кыргызстан боюнча 1270ке жетти. Алардын ичинен 910 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми коронавирус жуктурган 14 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий