• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан боюнча обсервацияда 2 миң 236 адам жатат

COVID - 19 0

Бишкек, 18.05.20. /Кабар/. Кыргызстан боюнча обсервацияда жаткандардын саны 2 миң 236га жетти. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын билдирүүсүнө караганда, чет жактан кайтып келип жаткан кыргызстандыктардын баардыгы обсервацияда жайгаштырылууда.

"Алардын баарын текшерип, көзөмөлгө алуудабыз", - дейт ал.

Бишкек шаарындагы обсервацияларда - 1 миң 197 адам жатат, аларды 9 медицина кызматкери тейлөөдө, Ош шаарында - 545 адам, Ош облусунда - 54, Жалал-Абад облусунда - 70 адам, Нарын облусунда - 129, Чүй облусунда - 246, Ысык-Көл облусунда - 119, Баткен облусунда - 59 жана Талас облусунда - 34 адам обсервацияда жатат.

Үсөнбаевдин маалыматына караганда, Кыргызстанда коронавирус жуккандар менен жакын байланышта болгондордун саны 18-майга карата 6 миң 50 адамга жетти.

Алардын ичинен Бишкек шаарында - 650, Ош шаарында - 1 миң 150, Ош облусунда - 1 миң 89 адам, Жалал-Абад облусунда - 758 адам, Нарын облусунда - 1 миң 354 адам, Чүй облусунда - 808, Ысык-Көл облусунда - 94 адам, Баткен облусунда - 181 адам медиктердин тыкыр көзөмөлүндө болууда.

Пикир

Оставить комментарий