• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан боюнча обсервацияда 2 миң 307 адам жатат

COVID - 19 0

Бишкек, 25.05.20. /Кабар/. Кыргызстан боюнча обсервацияда 2 миң 307 адам жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, коронавирус жуккандар менен жакын байланышта болгондордун саны 25-майга карата 6 миң 841 адамга жетти.

"Байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал", - дейт Үсөнбаев.

Белгилей кетсек, 25-майга карата Кыргызстанда СOVID-19 инфекциясынын жаңы 30 учуру аныкталып, жалпы 1433 учурга жетти. Алардын ичинен 280и медицина кызматкери. Илдеттен 992 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 16 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий