• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан боюнча обсервацияда 2 миң 333 адам жатат

COVID - 19 0

Бишкек, 26.05.20. /Кабар/. Кыргызстан боюнча обсервацияда 2 миң 333 адам жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, коронавирус жуккандар менен жакын байланышта болгондордун саны 26-майга карата 6 миң 875 адамга жетти.

"Байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал", - деп баса белгиледи ал.

Белгилей кетсек, 26-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуккан жаңы 35 учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1468ди түзөт. Алардын ичинен 1015 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 16 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий