• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан боюнча обсервацияда 2 миң 393 адам жатат — Саламаттык сактоо министрлиги

COVID - 19 0

Бишкек, 01.06.20. /Кабар/. Кыргызстан боюнча обсервацияда 2 миң 393 адам жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, коронавирус жуккандар менен жакын байланышта болгондордун саны 1-июнга карата 7 миң 630 адамга жетти.

"Байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал", - деп баса белгиледи ал.

Белгилей кетсек, 1-июнга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган 69 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1817ни түзөт. Алардын ичинен 1181 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 16 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий