• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан боюнча обсервацияда 2 миң 404 адам жатат — Саламаттык сактоо министрлиги

COVID - 19 0

Бишкек, 02.06.20. /Кабар/. Кыргызстан боюнча обсервацияда 2 миң 404 адам жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, коронавирус жуккандар менен жакын байланышта болгондордун саны 2-июнга карата 7 миң 664 адамга жетти.

"Байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал", - деп баса белгиледи ал.

Белгилей кетсек, бүгүн дагы коронавирус жуккан жаңы 28 учур аныкталып, жалпы өлкө боюнча коронавирус жуктурган учурлардын саны 1845ке жетти. Алардын ичинен 1219 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми коронавирус жуккан 17 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий