• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан боюнча обсервацияда 2 миң 648 адам жатат — Саламаттык сактоо министрлиги

COVID - 19 0

Бишкек, 28.05.20. /Кабар/. Кыргызстан боюнча обсервацияда 2 миң 648 адам жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, коронавирус жуккандар менен жакын байланышта болгондордун саны 28-майга карата 7 миң 184 адамга жетти.

"Байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал", - деп баса белгиледи ал.

Белгилей кетсек, 28-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуккан 74 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1594тү түзөт. Алардын ичинен 1066 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 16 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий