Кыргызстан боюнча обсервацияда 2 миң 90 адам жатат

COVID - 19 0

Бишкек, 23.05.20. /Кабар/. Кыргызстан боюнча обсервацияда 2 миң 90 адам жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, коронавирус жуккандар менен жакын байланышта болгондордун саны 23-майга карата 6 миң 632 адамга жетти.

"Байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал", - деп баса белгиледи ал.

Белгилей кетсек, 23-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган 15 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1365ти түзөт. Алардын ичинен 957 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 14 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий