• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан боюнча обсервацияда 914 адам жатат — Саламаттык сактоо министрлиги

COVID - 19 0

Бишкек, 24.04.20. /Кабар/. Кыргызстан боюнча обсервацияда 914 адам жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, өлкө боюнча илдеттен 322 адам айыгып, ооруканадан чыгарылды.

"COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен 2 миң 548 адам жакын байланышта болгон (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал)", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 24-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 656га жетти. Алардын ичинен 172си медицина кызматкери. Илдеттен 322 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда киргизилген өзгөчө абалдын режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле ал убакытка чейин өзгөчө абал тартиби Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий