• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстан боюнча Wi-Fi түйүндөрү ачылат

Коом 0

Бишкек, 26-апрель /Кабар/. 2017-жылы “Кыргызтелеком” республика боюнча бир катар Wi-Fi түйүндөрүн ачат. Бул тууралуу бүгүн компаниянын акционерлеринин жыл сайын өтүүчү жыйынында “Кыргызтелеком” ААК башчысы Нурлан Мадаминов билдиргенин компаниянын басма сөз кызматы маалымдады.

Анын маалыматы боюнча, быйылкы жылы калкты акысыз интернет менен камсыздоо максатында компания бир катар Wi-Fi түйүндөрүн ачууну пландап жатат.

Анын ичинде социалдык объектилерде, туристтер көп чогулган жерлерде, билим берүү мекемелеринде жана башка жайларда акысыз интернет түйүндөрүнүн ачылышы күтүлүүдө.

Мындан тышкары, Н.Мадаминовдун айтымында, компания өлкө боюнча азыркы тапта иштеген Wi-Fi түйүндөрүн жакшыртып, калкты дүйнөлүк Интернет желеси менен акысыз камсыздап жатат. Бул КР жарандарынын жакшы жашоосуна жана билим алуусуна шарт түзөт.

“Wi-Fi түйүндөрүн жакшыртуу бир учурдагы интернет колдонуучулардын санын жогорулатууга жол ачат”, - деди Н.Мадаминов.

Пикир

Оставить комментарий