• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстан боюнча жалпы 14 кош бойлуу айым коронавируска кабылган

COVID - 19 0

Бишкек, 12.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Кыргызстан боюнча жалпы 14 кош бойлуу айым коронавируска кабылган. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, алардын баары атайын колдонмолордун негизинде тиешелүү дарылануудан өтүп жатат.

"Алардын балдарынан коронавирус катталган жок. Ошондой эле илдетке кабылган 112 бала дарыланып жатат. Алардын айрымдары айыгып, ооруканадан чыкты", - дейт Үсөнбаев.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 1037ге жетти. Алардын ичинен 241и медицина кызматкери. Илдеттен 709 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий