• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан буга чейинки таза эмес шайлоолордон жетиштүү азап тартты — Касмамбетов

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 10.11.21. /Кабар/. Ар бир жаран, талапкер жана тиешелүү органдар тарабынан алдыдагы шайлоого жоопкерчиликтүү мамиле кылууга убакыт келди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого арналган тегерек столдо мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов билдирди.

Анын айтмында, Кыргызстан буга чейинки таза эмес шайлоолордон жетиштүү азап тартты.

undefined

“Өлкөдөгү бардык олуттуу саясий толкундоолор таза эмес шайлоолордун натыйжасында болуп келген. Ар бирибиз тандоо жасоодо ойлоно турган учур келди. Бүгүн бул жерге саясий партиялар чогулуп, алдыдагы шайлоону тыкыр талкуулап жатышат – бул жакшы көрсөткүч. Ооба, шайлоо – бул күрөш. Ар ким колдон келген аракетин көрөт. Бирок кайра мурункудай болуп калабы? Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров дагы шайлоону таза өткөрүү тууралуу тынымсыз айтып, бардыгын ошого чакырып жатышат. Бийлик добуш сатып алууну токтотуу, админресурсту жана башка ачык эмес ресурстарды колдонбоону суранууда. Негизги артыкчылык – таза шайлоону уюштуруу жана бардык саясий күчтөргө бирдей шарттарды түзүү”, - деди ал.

Касмамбетов шайлоого аралашканы үчүн аким, мэр жана башка аткаминерлер кызматтан алынганын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий