• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстан БУУ аянтчасында өзөктүк куралдын коркунучтарын жоюуга жетишүүгө чакырды

Саясат 0

Бишкек, 27.09.18. /Кабар/. 2018-жылдын 26-сентябрында Кыргыз Республикасынын делегациясы Бириккен улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясынын Эл аралык өзөктүн куралды толугу менен жок кылуу үчүн күрөшүү күнүнө арналган жогорку деңгээлдеги отурумуна катышты. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өзөктүк куралды толугу менен жок кылуу БУУнун мурдатан келе жаткан максаттарынын бири. Ал Башкы Ассамблеянын 1946-жылдагы биринчи резолюциясынын предмети болгон. 1959-жылдан баштап жалпы жана толук куралсыздандыруу менен катар Башкы Ассамблеянын күн тартибине киргизилген.

Өз сөзүндө КРнын делегациясы массалык жок кылуучу курал пайда кылган коркунучтарды жоюуга жетишүүгө, өзөктүн куралдын анын бардык аспектилерине тарашын алдын алууга тиешелүү чараларды көрүүгө, өзөктүк куралсыздандырууга көмөктөшүүгө, өзөктүк куралдан эркин болгон зоналардын ортосундагы кызматташтыкты жана өз ара аракеттешүүнү бекемдөө ишин улантууга чакырып, Кыргызстандын өзөктүк таратпоо жана куралсыздандыруу максаттарына болгон жактоочулугун билдирди.

Пикир

Оставить комментарий