• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстан БУУ бюджетине мүчөлүк акысын төлөгөн 39 өлкөнүн катарына кирди

Саясат 0

Бишкек, 4-май /Кабар/. Кыргызстан БУУ бюджетине мүчөлүк акысын толук өлчөмдө төлөгөн жана өткөн жылдарга карызы жок 39 өлкөнүн катарына кирди. Бул тууралуу КР ТИМ басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, 3-майда БУУнун штаб-квартирасында БУУ Башкы Ассамблеясынын Бешинчи комитетинин жыйыны өттү. Анын жүрүшүндө БУУ Башкы катчысынын менеджмент маселелери боюнча орун басары Ю.Такасу БУУнун Башкы катчысы А.Гутеррештин атынан БУУ бюджетине мүчөлүк акыларын толук төлөгөн жана өткөн жылдарга карызы жок 39 мамлекеттин өкмөтүнө ыраазычылык билдирди. Бул тизмеге Кыргызстан мүчөлүк акысын өз убагында жана толук өлчөмдө төгүп кирген. Буга чейин 2016-жылы Кыргызстан өткөн жылдарга карата БУУ бюджетине карыздарын төлөп, бул тизмеге алгачкы ирет 2016-жылдын октябрында кирген.

Кыргызстан менен катар аталган тизмеге Австралия, Канада, Кытай, Дания, Финляндия, Германия, Индия, Италия, Япония, Нидерланд, Жаңы Зеландия, Сингапур, Испания, Швеция жана Швейцария сыяктуу өлкөлөр кирет.

Пикир

Оставить комментарий