• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан БУУнун коррупцияга каршы сессиясына катышты

Саясат 0

Бишкек, 07.06.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары Абай Молдокматов баштаган Кыргыз Республикасынын делегациясы Нью-Йорк жана Вена шаарларындагы БУУнун алдындагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлчүлүктөрүнүн колдоосу менен 2021-жылдын 2-июнунан 4-июнуна чейин БУУнун Башкы ассамблеясынын Коррупцияга каршы атайын сессиясына гибриддик форматта катышты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

БУУнун Башкы ассамблеясы коррупцияны алдын алуу, ага каршы күрөшүү жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо боюнча милдеттер жана чаралар жөнүндө Саясий декларацияны кабыл алды.

Өз сөзүндө А.Молдокматов 2005-жылы Кыргызстан ратификациялаган БУУнун коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ар тараптуу конвенциясына негизинделген БУУнун коррупцияга каршы күрөшүүдө борбордук координациялык ролун Кыргыз Республикасы тааныгандыгын жана колдой тургандыгын белгиледи.

Кыргызстан коррупцияны алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча эл аралык тутумдун толук кандуу катышуучусу болууга умтулуу менен, БУУнун Коррупцияга каршы конвенциясынын жалпылаштыруу механизмине жана Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Стамбул планын ишке ашырууга активдүү катышууда.

Токтолуп кетчү жагдай, Кыргызстан Саясий декларациянын долбоорун иштеп чыгууга активдүү катышкан жана учурдагы эл аралык түзүлүшкө негизделген документ концептуалдык жана мүчө-мамлекеттердин коррупцияга каршы күрөшүү ишин өркүндөтүү боюнча жумушчу инструмент болуп бере алаарына ишенимин билдирип, БУУнун Башкы ассамблеясынын Атайын сессиясынын жүрүшүндө анын кабыл алынышын кубаттады.

Пикир

Оставить комментарий